Эрдоган Макронго каршылык көрсөтүп, Грецияны эскертти

Эрдоган Камкорчулуктан демократияга улуттук эрк симпозиумунда сөз сүйлөдү.

1489438
Эрдоган Макронго каршылык көрсөтүп, Грецияны эскертти
erdoğan

Президент Режеп Таййип Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макронго каршылык көрсөттү.

Эрдоган Демократия жана эркиндиктер аралында өткөрүлгөн Камкорчулуктан демократияга улуттук эрк симпозиумунда: «Макрон мырза, сен жеке менден көргүлүктү көрөсүң. Сенин (Макро) тарых жөнүндө маалыматың да жок. Сен Франциянын тарыхын да билбейсиң. Түрк улутуна тийишпе, Түркияга тийишпе»,-деди.

Президент Эрдоган өз сөзүндө Чыгыш Жер Ортолук деңизде чыңалууну курчуткан Грецияга кайрылып: «(Греция) Башыңа иш түшкөндө "коңшу, коңшу, коңшу "дейсиң. Анда коңшулукка жараша мамиле кыл. Туура эмес жолдорго барба. Туура эмес кылып жатасыңар, толугу менен жалгыз каласың»,-деп айтты.

Режеп Таййип Эрдоган, Түркия өзүн өзү камсыздаган өлкө экенин белгилеп: «Эми биздин Эл аралык Валюта Фонду (IMF) деген каалгабыз жок, биз өзүбүздү өзүбүз бага алабыз, бул өлкө өзүн өзү камсыздай алат»,- деди.



Тектеш кабарлар