Президент Эрдоган: «Биздин саламаттык сактоо системабыз бекем»
Президент Эрдоган, Стамбулдагы «Гөзтепе Проф. Др. Сүлейман Ялчын» атындагы оорукана шаарчасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын саламаттык сактоо системасынын бекем экенин билдирди.
Президент Эрдоган, Стамбулдагы «Гөзтепе Проф. Др. Сүлейман Ялчын» атындагы оорукана шаарчасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Эрдоган, оорукананын Стамбулга, өлкөгө жана улутка пайдалуу болушун каалап: «Түркиянын берки тармактар менен бирге медицинада таштаган кадамдарынын мааниси коронавирус пандемиясы мезгилинде дагы жакшы түшүнүктүү болду»,-деди.
Президент Эрдоган, «Гөзтепе Проф. Др. Сүлейман Ялчын» атындагы оорукана шаарчасы менен бирге өлкө боюнча 16 оорукана шаарчасынын ачылгандыгын белгиледи.
Акыркы мезгилде көбөйгөн Ковид-19 учурларына жана реанимацияда жаткандардын санына карабастан, Түркиянын саламаттык сактоо системасынын бекем турганын айткан президент Эрдоган: «Биз биргеликте пандемияны жеңишибиз керек»,-деди.
Президент Эрдоган: «Медицина кызматкерлерибиз менен бирге жан аябастан кызмат кылган адамдарыбызды жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен баалай алабыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.