ПККга августь айында оор сокку урулду

Август айында жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККга каршы ийгиликтүү жүргүзүлгөн операцияларда 85 террорист, анын ичинде жоопкерчиликтүү адамдар деп аталган террористтер жок кылынды.

1483496
ПККга августь айында оор сокку урулду

Август айында жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККга каршы ийгиликтүү жүргүзүлгөн операцияларда 85 террорист, анын ичинде жоопкерчиликтүү адамдар деп аталган террористтер жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (TSK), Коопсуздук башкы башкармалыгынын (EGM), Жандармериянын Башкы командачылыгынын жана Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) өлкөнүн тынчтыгын, ишенимин жана бир туугандыгын бузууга аракет кылган террордук уюмдарга каршы тынымсыз издөөсү коопсуздук күзөтчүлөрүнүн колдоосу менен чечкиндүү уланууда.

1-31-август күндөрүнүн аралыгында өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү операцияларда 85 террорист зыянсыздандырылды.

Жок кылынган террористтердин бири ПККнын Хакурк аймагынын жалган өкүлү «Агит Гарзан» каймана аттуу Мурат Калко экени аныкталды жана Калконун издөөгө алынган террористтердин тизмесинде «кызыл» категориясына киргизилгени билдирилди.

Жогорку деңгээлдеги 6 террорист «ПККнын атайын күчтөрү жана чалгындоо кызматкери» 2 операция менен жок кылынды.

Карстын Кагызман районундагы "Чагылган-3" операциясынын алкагында 28-августта башына 1 миллион лирага чейин сыйлык сайылган  саргылт категорияда болгон «Амед Сорхин» каймана аттуу  Беназир Йылмаз, 500 миң лирага чейин сыйлык сайылган боз категорияда орун алган «Хогир» каймана аттуу Мухаммет Ташчы  жана ушул эле категорияда 500 миң лирага чейинки сыйлык менен орун алган  «Каркер» каймана аттуу Мехмет Эмин Делен зыянсыздандырылды.

Канкор террордук уюм ПККга жана анын жаштар уюмуна каршы көптөгөн облустарда  уюштурулган операцияларда кармалган 171 шектүүнүн 28и камакка алынды.



Тектеш кабарлар