"Чекти аша турган болсо жогото турган Греция болот"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Мейс аралында куралданууда чекти аша турган болсо жогото турган Греция болорун айтты.

1482840
"Чекти аша турган болсо жогото турган Греция болот"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Мейс аралында куралданууда чекти аша турган болсо жогото турган Греция болорун айтты.

Чавушоглу борбор шаар Анкарада Альжирдин тышкы иштер министри Сабри Боукадоум менен өткөргөн пресс  - жыйында Мейс аралына Грециянын аскер жибергендигине байланыштуу кабарлар тууралуу маалыматтарды берди.

Чавушоглу : «Греция басма сөзгө чыккан кабарлардан кийин бир күзөт алмашуунун болгонун айтты. Чегин ашкан куралдануу боло турган болсо жоготкон Греция болот. Греция Европа Биримдигинин да  шартсыз колдоосу менен эл аралык мыйзамга тескери, көкүтүүчү кадамдарды таштап жатат. Биз эч кимдин акысын жебейбиз, акыбызды да эч кимге жедирбейбиз. Мындан да Греция зыяндуу чыгат. Башкалардын көкүтүүсү менен же колдонушу менен Түркияга карата тескери кадамдарды таштабагыла»,- деди.

Чавушоглу Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу Түркиянын баары менен столго отуруп, туура бөлүшүү үчүн сүйлөшүүнү жактагандыгын айтты.



Тектеш кабарлар