Президент Эрдоган Малазгирт жеңишине карата билдирүү жарыялады

Эрдоган социалдык медиа баракчасынан Малазгирт жеңишинин 949 жылдыгына карата өз билдирүүсүн бөлүштү.

1479030
Президент Эрдоган Малазгирт жеңишине карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Малазгирт жеңишинин мааракесине арналып даярдалган клипте "Малазгирт Гимни" ырын окуп берди.

Эрдоган социалдык медиа баракчасынан Малазгирт жеңишинин 949 жылдыгына карата өз билдирүүсүн бөлүштү.

Ниязи Йылдырым Генчосманоглунун "Малазгирт Гимни" деген ыр саптарынын бир бөлүгүн окуп берген Эрдоган: «Элимдин атынан Султан Алпарсланды жана аны менен биргеликте ушул газага (Газа - бул Ислам динин коргоо же жайылтуу максатында мусулман эместерге каршы жүргүзүлгөн ыйык күрөшкө берилген ат) катышкан бардык баатырларды таазим кылып эскеремин»-деди.

Видеолуу бөлүшүүдө, «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси жана «Фатих» бургулоочу кемеси менен АКЫНЖЫ чабуул коюучу учкучсуз учуучу аппараттын көрүнүштөрү да камтылган.



Тектеш кабарлар