YTB коронавирустук тесттен ылдам өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө

YTB "Капыкуле" чек ара бекетинде тест борборун ачты.

1478360
YTB коронавирустук тесттен ылдам өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) тарабынан "Капыкуле" чек ара бекетинде ачылган жаңы ПЦР тести борбору чет өлкөдө жашаган түрк жарандарынын коронавирустук (Ковид-19) тесттен өтүүлөрүн жеңилдетти.

YTBдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Германия менен бирге чет өлкөлөрдө жашаган өлкөлөргө кайткан түрк жарандарынын, "Капыкуле" чек ара бекетиндеги ПЦР тести борборунда кыска убакыттын ичинде тест жыйынтыгын алып сапарларын уланта ала тургандары белгиленди.

Жарандардын жабырлануусуна жол бербөө максатында "Капыкуле" чек ара бекетинин жанында курулган YTB чатырында жарандарга тестирлөөдөн тышкары ар кандай жардамдар көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле жарандарга жашаган өлкөлөргө кайтып баратканда консультациялык кызмат көрсөтүлүп, ар кандай тамак-аштар тартууланууда.  

ПЦР тесттерин тест борборунда кезек күтпөй эле өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жарандар көп күтпөстөн сапарларын улана алышат.

Борбордогу YTB кызматкерлери жарандар менен жекеме-жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тесттин жыйынтыктарын оңой алууга мүмкүнчүлүк түзүшүүдө.

Жашаган өлкөлөргө кайтып барган түрк жарандары сапарлардагы кыйынчылыктарга байланыштуу "+90 530 257 25 99" номердүү WhatsApp маалымат линиясынан күнү-түнү жардам ала алышат.

Ал эми чет өлкөдөгү жарандар үчүн жол көрсөтүүчү мүнөздөгү "Мекен Жолу" веб-сайтына "memleketyolu.com" дарегинен кирүүгө болот.



Тектеш кабарлар