Эрдоган:«Пандемия дагы деле биздин көзөмөлүбүздө»

Эрдоган, борбор шаар Анкарада Башкент уюшулган өнөр жай зонасындагы «Kalyon Күн технологиялары» ишканасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1475767
Эрдоган:«Пандемия дагы деле биздин көзөмөлүбүздө»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияда коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) эпидемиясынын көзөмөлдө экенин айтты.

Эрдоган, борбор шаар Анкарада Башкент уюшулган өнөр жай зонасындагы «Kalyon Күн технологиялары» ишканасынын ачылыш аземинде Ковид-19 пандемиясына байланыштуу  сүйлөгөн сөзүндө, «Акыркы учурларда жуктурган учурлардын саны бир аз көбөйгөнү менен, эпидемия дагы деле биздин көзөмөлдө»,-деп айтты.

Президент Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кырдаалга байланыштуу болсо, «Биз Севрди (Келишимди) бир кылым мурун эл катары кантип бузуп салган болсок, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде биздин өлкөгө киргизүүгө аракет кылынган Севрлерге таазим кылбайбыз»,- деди.

Эрдоган, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинен Ливияга чейинки ар башка фронттордо жүргүзгөн күрөшү бир гана адилеттик үчүн күрөшүү эмес, келечек үчүн күрөш экендигин айтты.

Режеп Тайип Эрдоган: «(Чыгыш Жер Ортолук деңиз) колониялык бир дагы мамлекет биздин өлкөнү ушул чөлкөмдө бар деп эсептелген бай мунай жана жаратылыш газ ресурстарынан ажырата албайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар