Президент Эрдоган Айдер жайлоосунда иликтөө жүргүздү

Гүнейсу районундагы үйүнөн тик учак менен Ардешенге келген Эрдоган жол менен Айдер жайлоосуна жөнөп кетти.

1473783
Президент Эрдоган Айдер жайлоосунда иликтөө жүргүздү

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ризенин Чамлыхемшин районундагы Айдер платосунда Экология жана шаар куруу министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Гүнейсу районундагы үйүнөн тик учак менен Ардешенге келген Эрдоган жол менен Айдер жайлоосуна жөнөп кетти.

Жолдо аны тосуп алган жарандар менен учурашкан Эрдоган, жооптуу кызматкерлерден аймакта жасалган иштер жөнүндө маалымат алды.

Президент Эрдоган жолдун жээгинде бышырылган жүгөрү саткан аялдан жүгөрү сатып алып, аны ээрчиген журналисттерге сунуш кылды.

Кийинчерээк Айдер платосуна келген президент Эрдоган өзүнүн жакындары менен мейманканада эртең мененки тамагын тамактанды.

Экология жана шаар куруу министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн Айдер жаңылануу жана сактоо долбоорунун алкагындагы жумуштарды карап чыккан Эрдоган, маалымат алган соң аймактын туризмге киргизилерин айтты.



Тектеш кабарлар