Президент Эрдоган Эрен Бүлбүл жөнүндө пост бөлүштү

Эрен Бүлбүл террористтердин кол салуусунда курман болгон.

1471267
Президент Эрдоган Эрен Бүлбүл жөнүндө пост бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган жикчил террордук уюм ПККнын террористтери тарабынан өлтүрүлгөн Эрен Бүлбүлдүн канын жерге калтырбагандарын белгилеп: «Бирок кайгысы дагы эле жүрөгүбүздө»,- деди.

Эрдоган Твиттер баракчасынан,Трабзондун Мачка районунун элет жеринде 2017-жылдын 11-августунда ПКК террористтери менен болгон кагылышууда шейит кеткен Эрен Бүлбүл жөнүндө пост бөлүштү.

Бүлбүлдүн фотосүрөтүн «Эрен жүрөгүбүздөсүң» деген жазуусу менен кошо бөлүшкөн Эрдоган: «Анын шейит болушунун үчүнчү жылында, биз террордук уюм ПКК тарабынан өлтүрүлгөн Эрендин канын жерге калтырган жокпуз, бирок кайгысы дагы деле жүрөгүбүздө. Эрен Бүлбүл менен бирге бул мекен үчүн жанын курман кылган бардык шейиттерибизди таазим кылып эскеремин»,-деди.



Тектеш кабарлар