Чавушоглу-Арреаза сүйлөшүүсү

Эки министр телефондо сүйлөшүү өткөрдү.

1463571
Чавушоглу-Арреаза сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу венесуэлалык кесиптеши Хорхе Арреаза менен сүйлөштү.

Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза Твиттердеги билдирүүсүндө, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен сүйлөшкөндүгүн жарыялады.

Чавушоглу менен видеолуу сүйлөшүү өткөргөнүн айткан Арреаза: «Биз ар тараптуу саясий кызматташтыгыбызды ырастадык. Уланып жаткан долбоорлорду жана чогуу жүргүзүп жаткан кызматташуунун жаңы багыттарын карап чыктык. Коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүү үчүн тест комплекттери, медициналык каражаттар жана жабдыктар жардамы үчүн ырахмат айтабыз»,-деди.

Түркиянын пандемияга каршы күрөштүн алкагында Венесуэлага жөнөткөн 15 тоннадан ашык медициналык жабдык жардамы 18-июлда өлкөнүн борбор шаары Каракаска жеткен болчу.



Тектеш кабарлар