Чавушоглу азербайжандык жаштарды колдоду

Чавушоглу Азербайжандык жаштардын видеосун Твиттер барагынан бөлүштү.

1462125
Чавушоглу азербайжандык жаштарды колдоду

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунан азербайжандык жаштарга колдоо көрсөтүлдү...

Жаңы Азербайжан партиясынын (YAP) Генже жаштар тармагынын мүчөлөрү, Армениянын чек аранын Товуз аймагында Азербайжанга карай кол салуусу боюнча Чавушоглунун Азербайжанга көрсөткөн колдоосу менен сыймыктангандарын айткан ыраазычылык билдирүү видеосун Твиттерден бөлүштү.

Чавушоглу видеого комментарий берип, YAP Gence жаштар филиалынын мүчөлөрү Твиттердеги баракчасында Азербайжанга болгон сүйүүсү, көңүлү жана колдоосу үчүн ага ыраазычылык билдирип, «Жандаш туугундарыбыздан жаныбызды аябайбыз», деп жазган.

Армениянын армиясы 12-июлда чек аранын Товуз районундагы Азербайжан позицияларына ок атып, Азербайжан армиясы жооп кайтаргандан кийин жоготууга учурап артка чегинди.

Жаңжалда  Азербайжан армиясынан 1 ага лейтенант  менен кошо 4 аскер курман болуп, 4 аскер жаракат алган,.

Кийинки күндөрү уланып жаткан кагылышууларда 1и генерал  8 жоокер шейит болду.



Тектеш кабарлар