«Оруч Рейс» жаңы кызматына даяр

Түркиянын кемеси сейсмикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.

1460564
«Оруч Рейс» жаңы кызматына даяр

Чыгыш Жер Ортолук деңизде жаңы сейсмикалык изилдөө иштерин жүргүзө турган, толук жабдылган жана көп максаттуу дүйнөдөгү 5-6 изилдөө кемесинин бири болгон «Оруч Рейс» өзүнүн жаңы миссиясына даяр.

Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез өткөн жылы июль айында социалдык медиада «Оруч Рейстин» Жер Ортолук деңизде сейсмикалык изилдөө иштерин баштай тургандыгын жарыялагандан кийин даярдыктар башталган.

Кара деңизде жана Мрамордо сейсмикалык изилдөөлөрдү жүргүзгөн «Оруч Рейс», ошондон бери Жер Ортолук деңизде өз ишин улантып келе жатат.

Акыркы жолу Батыш Гүзелюрт-2 аймагында үч өлчөмдүү сейсмикалык чогултуу иштерин жүргүзгөн «Оруч Рейс», керектүү даярдыктардан кийин Жер Ортолук деңизине кайрадан барат.

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси, континенталдык шельф жана жаратылыш ресурстары менен катар ар кандай геологиялык, геофизикалык, гидрографиялык жана океанографиялык изилдөөлөрдү жүргүзө алат.



Тектеш кабарлар