Эрдоган Аясофияда иликтөө жүргүздү

Эрдоган, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен Стамбулдун губернатору Али Йерликаядан ачылыш үчүн жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат алды.

1457788
Эрдоган Аясофияда иликтөө жүргүздү
erdogan ayasofya.jpg
erdogan ayasofya1.jpg
erdogan ayasofya2.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 24-июлда боло турган жума намазы менен 86 жылдан кийин ибадатка ачыла турган Аясофия мечитинде иликтөөлөрдү жасады.

Стамбулдагы Кысыклы районунда орун алган конушунан Аясофия мечитине барган жана бул жерде бир сааттай болгон Эрдоган, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен Стамбулдун губернатору Али Йерликаядан ачылыш үчүн жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат алды.

Президент Эрдоганды комминикация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, ички  иштер министри Сүлейман Сойлу менен дин иштери башкармалыгынын башчысы, проф.Али Эрбаш да коштоп жүрүштү.

Эрдоган иликтөөлөрү бүткөн соң Аясофия мечитинен чыгып жатканда атуулдар менен саламдашты.

Президент Эрдоган, Твиттер барагы аркылуу да «Аясофия...» билдирүүсү менен фотосүрөттөрдү бөлүштү.


Этикеткалар: #Аясофия , #Эрдоган

Тектеш кабарлар