«Чеңгел-жолборс» операциясы уланууда

Операцияда дагы үч террорист жок кылынды.

1456101
«Чеңгел-жолборс» операциясы уланууда

Түрк куралдуу күчтөрү (TSK) тарабынан Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн абадан операцияда жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнөн 3 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, «Чеңгел-жолборс» операциясы ийгиликтүү уланып жатат.

Билдирүүдө: «Чеңгел-жолборс операциясынын алкагында Хафтанин аймагында аныкталган дагы 3 ПКК террористи жүргүзүлгөн аба операциялары менен жок кылынды. Операцияларыбыз акыркы террорист жок кылынганга дейре улантылат»,-делди.  

Бир тараптан Сириядагы «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта PKK/YPG уюмуна мүчө 4 террорист колго түштү.



Тектеш кабарлар