Аясофия протоколуна кол коюлду

Дин иштери башкармалыгынын конференция залында кызматташуу протоколуна кол коюу аземи болуп өттү.

1456331
Аясофия протоколуна кол коюлду

Маданият жана Туризм министрлиги менен Дин иштери Башкармалыгынын ортосунда Аясофия мечитинде жүргүзүлө турган коргоо, өнүктүрүү, таанытуу жана башкаруу иштери боюнча протоколго кол коюлду.

Дин иштери башкармалыгынын диний басылмалар конференция залында "Аясофия-и Кебир мечити шерифинде жүргүзүлө турган коргоо, өнүктүрүү, таанытуу жана башкаруу иш-аракеттери боюнча кызматташуу протоколуна" кол коюу аземи болуп өттү.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, Аясофия мечитинин кылдаттык менен корголушуна эч кимдин шек санабашы керек экендигин айтып: «Бүгүнкү күнгө чейин кандайча Аясофиянын материалдык жана материалдык эмес сапаттарын камтыган универсалдуу баалуулугун, оригиналын жана бүтүндүгүн сактап келген болсок, мындан ары да биз баардык камкордугубузду биргеликте көрсөтөбүз. Биринчи кезекте, бул биздин улуттук жана руханий баалуулуктарыбыздын мурункуга болгон ишенимибиздин талабы. Мындан тышкары, маданий мурастын коргоосунун принциптерине Түркия катары ар дайым көрсөтүп келген сезимталдуулук жана чын ыкластуулуктун талабы»,- деди.

Мамлекеттик кеңештин чечими жана президент Режеп Таййип Эрдогандын кол тамгасы менен кайрадан ибадатка ачылган Аясофия мечити жөнүндө ар кимдин өз оюн айта ала тургандыгын белгилеген Эрсой: «Бирок, эч ким көз карандысыз сот бийлиги тарабынан кабыл алынган жана биздин эл тарабынан кубатталган бул чечимден жогору эмес», деди.

Аясофия мечитинин жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн бекер ачыла тургандыгын баса белгилеген Эрсой, протоколдун өлкө жана улут үчүн пайдалуу болушун каалады.

Дин иштери башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш да, Аясофия мечитинин архитектуралык түзүлүшү менен бардык диндердеги адамдар пайдалана ала турган баалуулук экендигин баса белгилеп: «Бул мурасты коргоп калуу биздин милдет», деди.

Эрбаш, Аясофия мечитинин зыяратчыларынын мындан ары дагы да көбөйөөрүнө ишенгенин айтып: «Биздин өлкөдөн гана эмес дүйнө жүзү боюнча Аясофия мечитибизге сыйынуу жана зыярат үчүн келген миллиондогон адамдар болот. Биз өз милдетибизди сапаттуу тейлөө менен эң мыкты деңгээлде аткарууга аракет кылабыз»,-деп кошумчалады.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин Эрсой менен Эрбаш  протоколго кол коюшту.



Тектеш кабарлар