Түркиядан Кудска медициналык жардам
Медициналык каражаттардын оорукананын жетекчилигине тапшырылып берилгендиги билдирилди.
![Түркиядан Кудска медициналык жардам](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/970a/ce04/bba3/5d85eec7ad9f3.jpg?time=1719068070)
Түркия Чыгыш Кудска коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында 50 миң даана медициналык бет кап, 2 миң 500 даана N95 хирургиялык маска, 2 миң 500 даана дезинфекциялоочу каражаттардан турган жардам жөнөттү.
Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) Палестинадагы координатору Ахмет Рефик Четинкая, Израиль тарабынан басылып алынган Чыгыш Кудстагы Августа Виктория (Эль-Муттали) ооруканасына медициналык каражаттарды бергендерин айтты.
Оорукананын алдында өткөрүлгөн тапшыруу аземине Түркиянын Кудстагы Башкы консулдугунун Убактылуу өкүлчүлүгүнүн башчысы элчи Ахмет Риза Демирер менен палестиналык жетекчилер катышты.
Четинкая медициналык каражаттардын оорукананын жетекчилигине тапшырылып берилгендигин билдирди.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719068070)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.