Стамбул аэропортунда тест борбору түзүлдү

Стамбул аэропортундагы тест борборунан келген жана кеткен жүргүнчүлөр пайдалана алышат.

1447081
Стамбул аэропортунда тест борбору түзүлдү
istanbul havalimani test merkezi1.jpg
istanbul havalimani test merkezi.jpg

Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөштүн алкагында Стамбул аэропортунда тест борбору түзүлдү.

Тест борборунун жардамы менен, эл аралык терминалдын эки башка чекиттеринде жалпы аянты 5 миң чарчы метрди түзгөн борбордо келген жана кеткен жүргүнчүлөр ПЦР тестинен өтүшөт.

Үлгүлөр терминалдагы лабораторияларда каралып, натыйжалар жүргүнчүлөргө 2 сааттын ичинде түрк жана англис тилдеринде почта аркылуу жөнөтүлөт же принтерден чыгарылып берилет.

Күн сайын тест борборунда 40 миң тест жасалат.

Анталия аэропортунда да тест борбору түзүлдү.



Тектеш кабарлар