ТИКА Босния - Герцеговинанын коронавирус менен күрөшүнө колдоо берүүнү улантууда
ТИКА Босния Герцеговина Маариф мектептеринин кызматташуусунда жаңы тип коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде кол дезинфектанын өндүрдү.
![ТИКА Босния - Герцеговинанын коронавирус менен күрөшүнө колдоо берүүнү улантууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0d5e/cfee/e161/5eeb4e675744d.jpg?time=1718779786)
Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги ТИКА Босния Герцеговина Маариф мектептеринин кызматташуусунда жаңы тип коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде кол дезинфектанын өндүрдү.
ТИКАдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта долбоордун негизинде эпидемия менен күрөшүүдө муктаж болгон материалдар берилип, Сараево Маариф лицейинин кызматташуусунда Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму ДСУ тарабынан сунуш кылынган рецеп боюнча 500 литр кол дезинфектанынын чыгарылганы билдирилди.
Маалыматта кол дезинфектандарынын өлкөдөгү билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелери менен жарандык коом мекемелерине да таркатылганы маалымдалды.
Сараево Маариф лицейинде химия мугалими Адел Полутак эпидемия менен күрөштө Босния Герцеговинада мындай долбоорго салым кошуудан кубанычтуу экенин айтты.
Колдоо берилген мекемелерден Сараево угуу жөндөмдүүлүгү чектелген адамдар борборунун кызматкери Наим Салкович да түрк калкына жана мамлекетине ыракмат айтып ТИКА менен кызматташуу ичинде угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен жаштардын билим жана турмуштук шарттарынын жакшыртылышына салым кошуудан ыраазы экендерин белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718779787)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.