Стамбул аэропортундагы ачылыш аземдери

Президент Эрдоган ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1435764
Стамбул аэропортундагы ачылыш аземдери

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын транспорт жана саламаттык сактоо тармактарында барган сайын чоң ийгиликтерге жетишип жаткандыгын айтты.

Стамбул аэропортунун 3-көз карандысыз учуу-конуу тилкесинин, Мамлекеттик конок үйүнүн жана мечиттин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган, Стамбул аэропортунун жылына 200 миллион жүргүнчүгө кызмат көрсөтүү планы менен курулгандыгын айтты.

«Стамбул аэропорту ишке киргизилгенден бери өлкөбүздүн сыймыгы болуп калды, эми үчүнчү көз карандысыз учуу-конуу тилкеси, экинчи мунарасы жана жаңы такси жолу ачылууда»,- деди.

«Стамбул аэропорту биздин 2023-жылга карата максатыбыздын символдорубуздун бири болуп саналат» деген Эрдоган, чет өлкөлөрдөгү 60 жерге гана жүргүзүлгөн каттамдарды 350гө көбөйтө алгандарын жана күнүгө 303 тонна болгон абадан жүк ташуу көлөмүнүн 2500 тоннага жеткенин маалымдады.

Президент Эрдоган Түркиянын төрт тарабында ушундай иштерди аткаргандарын айтып: «Мармарай, Евразия туннели, Явуз Султан Селим жана Османгази сыяктуу көпүрөлөрдү элибизге тартуулап, бул байыркы шаардын жашоо тамырларынын ар дайым ачык калуусун камсыздадык»,-деди.

Президент өз сөзүндө жаңы ачылган пандемиялык ооруканалар менен саламаттык сактоо туризминде дагы маанилүү кадамдарды таштагандарын айтты.



Тектеш кабарлар