Президент Эрдоган: "Калыбына келүүгө кайтуу менен өндүрүш, соода жана туризм өнүгүүдө"

Президент Эрдоган: «12-Эл аралык Ислам экономикасы жана финансы конференциясында» сөз сүйлөдү.

1435700
Президент Эрдоган: "Калыбына келүүгө кайтуу менен өндүрүш, соода жана туризм өнүгүүдө"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) процессиндеги калыбына келүү менен бирге өндүрүш, соода жана туризмдин жанданганын айтты.

Президент Эрдоган: «12-Эл аралык Ислам экономикасы жана финансы конференциясында» сөз сүйлөдү.

Түркия катары бул пандемия мезгилин эң аз чыгым менен ашып өткөн өлкөлоөрдүн арасында орун алгандарын баса белгилеген Эрдоган: «Бул процессте экономика катары өнүккөн өлклөрдүн өз атуулдарынын бет каптарын камсыздоодо дагы кыйынчылык тартканын, эң төмөнкү саламаттык сактоо тейлөөсүн дагы камсыздай албагандарын көрдүк. Өз адамдарыбыздын муктаждыктарын камсыздоо менен катар дүйнөнүн 125 өлкөсүнө саламаттык сактоо жардамдарын жеткирдик»,-деп айтты.

Жумуш менен камсыздоо сандарында оң бурулушка түшүлгөнүн айткан президент Эрдоган: «2020-жылдын биринчи чейрегиндеги өсүү көрсөткүчтөрү 4,5 пайыз менен Түркиянын бир гана саламаттык сактоо тармагында эмес, экономикада дагы берки өлкөлөрдөн оң багытта айырмаланып турганын көрсөттү. Калыбына келүү календарын ишке киргизүүбүз менен бирге өндүрүш, соода жана туризм жандана баштады»,-деди.

Президент Эрдоган: «Чынчылдыгын жана ишенимдүүлүгүн жоготкон насыя рейтинг баасын берүүчү уюмдардын божомолдоолорун эч эске албайбыз»,-деп айтты.

«Ислам экономикалык кризистен чыгуунун ачкычы болуп саналат»,деген Эрдоган: «Ашкере финансылашуу коомдук жана гуманитардык чыгымдар эске алынбаган, бир гана кызыкчылык санааркоосу менен кыймыл кылган семиз экономикалык моделди пайда кылды. Узун мөөнөттүү чоң инфраструктура инвестицияларынын финансыланышы үчүн сукук (Исламий финансы булактуу бонд) сыяктуу чыгарылыштардын колдонулушунун жайылтылышы керек»,-деп айтты.

Эрдоган: «Материктердин жана маданияттардын кесилишинде орун алган Стамбулубузду исламий Финансы жана экономиканын дагы борборуу кылууну максаттоодобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар