Чанаккаледе качкындар куткарылды

Алардын арасында аялдар менен балдар дагы бар.

1431625
Чанаккаледе качкындар куткарылды

Грециянын жээк күзөтчүлөрү тарабынан Түркиянын кургактык сууларына кайтарылган 36 качкын Чанаккаленин Айважык районунда куткарылды.

Грециянын Мидилли аралына өтүүгө аракет кылган топ Айважык жээгине бет алышты.  

Резина кайык менен баратканда грек жээгиндеги күзөтчүлөр тарабынан аныкталган ар кайсы улуттагы 36 киши түрк кургактык сууларына кайра кайтарылгандыктан жардам сурашты.

Жээк коосуздугун сактоочу кызматкерлер, Бабакале кыштагынын жээктеринде куткарышкан 36 кишини кургактыкка чыгарышты.

Күчүккую аймагындагы жээк күзөт бекетине алып барылган качкындарга тамак-аш жана кийим-кече жардамдары берилди. Алардын арасында аялдар менен балдар дагы бар.



Тектеш кабарлар