Түркияда коронавирус менен күрөшүүдө жетишилген ийгилик уланууда

Ооруканадан чыккан 1825 киши менен бирге жалпы айыккандардын саны 109 962re жетти.

1419053
Түркияда коронавирус менен күрөшүүдө жетишилген ийгилик уланууда

Түркияда жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүдө жетишилген ийгилик уланууда,  каза болгон жана вирус жугузган киши саны азайып баратат.

Акыркы 24 саатта 44 киши каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 4 140 болду.

Ошол эле убакыттын ичинде 35 369  кишиге  тест жасалып анын ичинен 1386 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан чыккан 1825 киши менен бирге жалпы айыккандардын саны 109 962re жетти.


Этикеткалар: #коронавирус , #Түркияда

Тектеш кабарлар