Түркияда Covid-19ду жеңип айыгып чыккандар көбөйүүдө

Айыгып чыккан 3 миң 89 киши менен бирге  ооруну жеңгендердин жалпы саны 95 миң 780ге жеткени маалымдалды.

1415282
Түркияда Covid-19ду жеңип айыгып чыккандар көбөйүүдө

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүү боюнча көргөн чараларынан оң натыйжалар алынууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда акыркы 24 саатта 55 киши көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 3 миң 841ге жетти.

Ушул эле мөөнөттө 32 миң 722 кишиге тест жасалып, анын ичинен 1 миң 114 кишиде вирус аныкталды.

Айыгып чыккан 3 миң 89 киши менен бирге  ооруну жеңгендердин жалпы саны 95 миң 780ге жеткени маалымдалды.


Этикеткалар: #Covid-19 , #Түркиянын

Тектеш кабарлар