128 өлкө Түркиядан медициналык каражат талап кылды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 128 өлкөнүн Түркиядан медициналык каражат талап кылгандыгын жана анын жарымынын камсыздандырылгандыгын айтты.

1411998
128 өлкө Түркиядан  медициналык каражат талап кылды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 128 өлкөнүн Түркиядан медициналык каражат талап кылгандыгын, талаптардын жарымына жооп беришкендерин айтты.

Мелүт Чавушоглу менчик бир телекөрсөтүү каналындагы программага катышып суроолорго жооп берди.

Түркияга дүйнөдөн келген жардам талаптары тууралуу берилген суроого : «Ушул күнгө чейин 128 өлкө Түркиядан багыштоо, экспорт уруксаты же сатып алуу менен медициналык жардам талап кылды. Жарымына жакынын камсыздадык»,- деп жооп берди Чавушоглу.

Чавушоглу акыркы жолу кечээ кечинде Парагвайдын жардам талабын кандай камсыз кылышарын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен сүйлөшүшкөндөрүн билдирди. Чавушоглу : «Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн үчтөн эки бөлүгү Түркиядан медициналык каражат талап кылышты. Бул Түркиянын ишенимдүү булак экенин көрсөтүүдө»,- деди.

Түркиянын саламаттык сактоо тармагындагы тажрыйбаларын дүйнөнүн бардык  жери менен бөлүшкөндүгүн белгилеген Чавушоглу : «Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму ДССУ эл аралык коом, АКШ жана башка өлкөлөр Түркияны саламаттык сактоо тармагында модель өлкө катары көрсөтүшүүдө. Бериле турган мындай жардамдар келечекте Түркиянын ишенимдүү булак катары бренд болушуна да шарт түзөт»,- деди.



Тектеш кабарлар