Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү
Айыгып чыккан 5 миң 119 киши менен бирге ооруну жеңгендердин жалпы саны 73 миң 285ке жеткени маалымдалды.
1411448
Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүүсүндө каза болгондор жана жуктуруп алгандардын санында төмөндөө графиги туруктуу уланууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда акыркы 24 саатта 59 киши көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 3520га жетти.
Ушул эле мөөнөттө 33 миң 283 кишиге тест жасалып, анын ичинен 1 миң 832 кишиде вирус аныкталды.
Айыгып чыккан 5 миң 119 киши менен бирге ооруну жеңгендердин жалпы саны 73 миң 285ке жеткени маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.