Тышкы иштер министри Түркия - Румыния - Польша үчтүк жыйынына катышты

Түркия - Румыния- Польшанын тышкы иштер министрлеринин жыйыны 2016 - жылдан бери жыл сайын өткөрүлүүдө.

1407721
Тышкы иштер министри Түркия  - Румыния  - Польша үчтүк жыйынына катышты

 Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жаңы тип коронавирустан улам кечээ видеоконференция жолу менен өткөрүлгөн Түркия  - Румыния -  Польшанын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. Чавушоглу жыйын тууралуу твиттерден маалымат берип : «Видеоконференция менен өткөрүлгөн Түркия  - Румыния -  Польшанын тышкы иштер министрлеринин үчтүк жыйынында Ковид  - 19 эпидемиясы менен күрөшүүдөгү акыркы абал жана таштала турган кадамдар, НАТОнун күн тартибиндеги темалар, аймактык темалардагы кызматташуубуз тууралуу пикир алыштык»,- деди.

Түркия  - Румыния-  Польшанын тышкы иштер министрлеринин жыйыны 2016 -  жылдан бери жыл сайын өткөрүлүүдө.

Бир тараптан Чавушоглу кечээ Ковид  - 19 менен күрөшүүдө эл аралык колдошууну арттыруу максатында чоң жыйырмалардын негизинде курулган Эл аралык Координация Группасынын 7 -  телеконференция жыйынына да катышты.

Министр Чавушоглу твиттерден берген маалыматында жыйында эпидемия менен күрөшүүдө көп тараптуу мекемелерде кызматташуу жана координациялоо менен колго алышкандарын белгилеп, эпидемияга каршы коргоосуз өлкөлөргө жардам берүү тууралуу да карап чыгышкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар