Президенттик аппараттын кабинет жыйыны бүгүн өткөрүлөт
Жыйынга президент Эрдоган жетекчилик кылат.
1406029
![Президенттик аппараттын кабинет жыйыны бүгүн өткөрүлөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/cac2/3862/c813/5e9462ffbb80a.jpg?time=1718429077)
Президенттик аппараттын кабинет жыйыны президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде бүгүн өткөрүлөт.
Видеоконференция ыкмасы менен өтө турган жыйынга президент Эрдоган Стамбулдагы Хубер сарайында жетекчилик кылат.
Бешинчи жолу видеоконференция аркылуу өткөрүлө турган жыйындын негизги күн тартибин коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүү түзөт.
Бейтаптардын абалы, аткарылып жаткан чара көрүүлөр жана натыйжалары кеңири каралат.
Пандемиянын экономикалык таасирлери менен улуттук жана эл аралык байланыштар дагы талкууланат.
Жыйындан кийин президент Эрдогандын элге кайрылуу жасашы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Италияда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/4b0f/cbdf/a0c5/65d8a6a8559e4.jpg?time=1718429077)
Эрдоган Италияда
Италиянын премьер - министри Жоржия Мелони саммитке келген лидерлерди бир бирден тосуп алды.