Террордук уюм ЙПГ/ПККнын операция жүргүзүлгөн аймкка кирүү аракети тоскоолдукка учурады

Катуу кагылышуу болгон аймакта Сирия Улуттук Армиясынын аскерлери тарабынан террордук уюмдун  аймакка кирүү аракети тоскоолдукка учурады.

1403211
Террордук уюм ЙПГ/ПККнын операция жүргүзүлгөн аймкка кирүү аракети тоскоолдукка учурады

Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган ЙПГ/ПКК террордук уюмдун террористтери менен Сирия Улуттук Армиясынын аскерлеринин арасында кагылышуу чыкты.

Шанлыурфанын Жейланпынар районунун маңдайында орун алган «Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган Расулайн  райондук борборунун түштүгүндөгү Тел Темырдын тегерегинде ЙПГ/ПКК террордук уюмдун террористтери   Сирия Улуттук Арамиясынын аскерлери болгон фронт жолуна кирүүгө аракет кылды.  Ушул боюнча Сирия Улуттук Армиясынын арскерлери менен террордук уюмдун арасында кагылышуу чыкты.

Катуу кагылышуу болгон аймакта Сирия Улуттук Армиясынын аскерлери тарабынан террордук уюмдун  аймакка кирүү аракети тоскоолдукка учурады.

Евфраттын чыгышында басып алууну уланткан террордук уюм ЙПГ/ПКК бат – бат Расулайн жана Тель Абяд аймактарын бутага алууда.

Түркия 2019 -  жылы 9 -  октябрда Евфраттын чыгышындагы террордук уюмдарга каршы жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясынын негизинде 12 -  октябрда Расулайн райондук борборун ЙПГ/ПКК террористтеринен куткарган.



Тектеш кабарлар