Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымат берилди.

1398896
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен каза болгондордун саны 1518ге жогорулады.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда акыркы 24 саатта 115  киши каза таап, каза болгондордун жалпы саны 1518ге жетти.

Ушул эле мөөнөттө жалпы 34 миң 90 кишиге тест жасалып, анын ичинен 4 миң 281 кишиде вирус аныкталды.

Бүгүн айыгып чыккан 875 киши менен бирге  айыгып чыккандардын  жалпы саны 5 миң 674кө жеткени маалымдалды.



Тектеш кабарлар