Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчү

Бүгүн айыгып чыккан 511 киши менен бирге жалпы айыгып чыккандардын саны 3 миң 957ге жеткени маалымдалды.

1397335
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчү

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен каза болгондордун саны 1296га жогорулады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда акыркы 24 саатта дагы 98 киши каза таап, каза болгондордун жалпы саны 1296га жогорулаганы маалымдалды.

Акыркы 24 саатта жалпы 34 миң 456 кишиге тест жасалып, анын ичинен 4 миң 93 кишиде вирус аныкталганы билдирилди.

Бүгүн айыгып чыккан 511 киши менен бирге жалпы айыгып чыккандардын саны 3 миң 957ге жеткени маалымдалды.



Тектеш кабарлар