Вице - президент Фуат Октай студенттерге чакыруу салды
Фуат Октай Түркияга кайтууну каалаган студенттердин 21 - март ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 17ге чейин болгон өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылуулары керектигин айтты.
![Вице - президент Фуат Октай студенттерге чакыруу салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/df2b/fa55/72f0/5e5fbd94caee8.jpg?time=1718783169)
Вице - президент Фуат Октай өлкө тышындагы студенттерге чакыруу салды.
Октай Британия, Ирландия, Швейцария, Польша, Италия, Египет, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтеринде убактылуу жүргөн жана Түркияга кайтууну каалаган студенттердин 21 - март ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 17ге чейин болгон өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылуулары керектигин айтты.
Твиттерден маалымат берген Октай : «Жарандарыбыздын өлкөгө кайтышын тышкы, ички, саламаттык сактоо, транспорт министрликтерибиз жана түрк аба жолдору менен координация түзүп, Билим Кеңешинин көргөн чараларынын негизинде 14 күн карантинге алабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718783169)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.