Түркияда коронавирус

9 Европа өлкөсүнөн Түркияга кайтып келүүнү каалаган 2 миң 807 жаранды эвакуациялоо иши аяктады.

1380556
Түркияда коронавирус

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза тапкан биринчи адам катталды.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жеке өзү байкоо салган бейтаптын вирусту Кытайга барып келген кызматкерден жуктуруп алган 89 жаштагы эркек киши экени кабарланды.

Министр Кожа Түркияда вирусту жуктуруп алгандардын саны 51 киши көбөйүп жалпы 98ге жеткенин айтты. 12-декабрда Кытайда жайылган оору 90 күн бою Түркияда катталган эмес.

Фахреттин Кожа айрыкча элди эскертүүлөргө баш ийүүгө, бир жарым же эки ай күрөшүүгө чакырды.

Бир тараптан 9 Европа өлкөсүнөн Түркияга кайтып келүүнү каалаган 2 миң 807 жаранды эвакуациялоо иши Түркия убактысы боюнча саат 06.00дон тарта аяктады.



Тектеш кабарлар