Президент Эрдоган Түркияда коронавирус жуккан биринчи учур катталгандыгын ырастады

Эрдоган, вирустан сактануунун биринчи шартынын тазалык экенин айтты.

1376324
Президент Эрдоган Түркияда коронавирус жуккан биринчи учур катталгандыгын ырастады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияда коронавирус жуккан биринчи учур катталгандыгын ырастады.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышындагы сөз сүйлөөсүндө, Европадан келген бир жаранда коронавирус аныкталгандыгын белгилеп, бул кишинин жалпы саламаттык абалынын жакшы экендигин, дарылануусунун уланып жаткандыгын жана үй-бүлөсү менен жакын чөйрөсүнүн да байкоого алынгандыгын билдирди.

Жарандардан, медицина кызматкерлеринин бул темадагы эскертүүлөрүнө баш ийүүлөрүн талап кылган Эрдоган, вирустан сактануунун биринчи шартынын тазалык экенин айтты.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Түркияда коронавирусту жуктурган биринчи адам катталгандыгын кабарлаган эле.  

Фахреттин Кожа: «Коронавирус боюнча шектелген жараныбыздын анализ жыйынтыгында вирусту жуктургандыгы аныкталды»,-деди.

Министрликте өткөргөн маалымат жыйында: «Бул диагноз, жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшүнүн себеби иликтенгендиги боюнча аныкталды» деген министр Кожа: «Бейтап вирусту Европага сапарында жуктуруп алган. Ал тышкы дүйнөдөн толугу менен изоляцияланды. Бейтап эркек киши жана жалпы абалы жакшы. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы жана жакын чөйрөсүндөгү бардык адамдар байкоого алынды жана ар бири шектүү деп эсептелет»,-деди.

Саламаттык сактоо министри, Кытайдын Ухань шаарында 90 күн мурда 2019-жылдын 12-декабрында пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун башка көптөгөн өлкөгө 1-2 аптанын ичинде жукканына, андан соң ылдам түрдө дүйнөнүн жалпысына жайылганына карабастан Түркиянын бул мезгилде чоң иш аткаргандыгын да баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар