Кападокия эң көп ысык аба шары учкан аймак

Кападокияда акыркы 5 жылда 2201284 турист аймактын табигый кооздуктарын ысык аба шар туруна чыгып көк жүзүнөн байкоо салды.

1375810
Кападокия эң көп ысык аба шары учкан аймак

Түркиянын негизги туризм борборлорунан Кападокияда акыркы 5 жылда 2201284 турист аймактын табигый кооздуктарын ысык аба шар туруна чыгып көк жүзүнөн байкоо салды.

Пери морулары, кызыктуу аскалар, жер астындагы отурукташуу борборлору, аскадан оюлган монастрлар жана түрдүү иш чаралар менен таанылган Кападокияда туристтердин ысык аба шар турларына катышып табигый, тарыхый жана маданий байлыктарды көрүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине кирген аймактагы музей жана уранды жерлерди 2015 -  жылы 2 608 73, 2016 -  жылы 1493493, 2017 -  жылы 206372, 2018 -  жылы 2949542, 2019 -  жылы юолсо 3834134 турист келип көргөн.

Туристтерден 2015 -  жылы 498812си, 2016 -  жылы 250 000, 2017 -  жылы 329390ну, 2018 – жылы 537500зү, 2019 -  жылы да 585582си ысык аба шар туруна катышкан.

Акыркы 5 жылда аймакка келген жалпы 13 91000 614 туристтен 2201284тү Гөреме, Учхисар, Зелве, Ортахисар, Пашабагы менен Чавушин жана башка түрдүү тарыхый, туристтик борборлорун ысык аба шарлары менен абадан көрүп, аймак экономикасына маанилүү салым кошту.

Жылда орточо 300 күн ысык аба шары учкан Кападокия дүйнөдө эң көп ысык аба шар турлары ишке ашкан аймак катары билинүүдө.



Тектеш кабарлар