Президент Р. Т. Эрдоган Бельгияда коронавирус тууралуу жоопкерчилигин көрсөттү

Эрдоган Брюсселде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергди кабыл алды.

1375301
Президент Р. Т. Эрдоган Бельгияда коронавирус тууралуу жоопкерчилигин көрсөттү

Президент Р. Т. Эрдоган бүткүл дүйнөдө ылдам жайылган жаңы тип коронавирус тууралуу жоопкерчиликти Белгия сапарында да көрсөттү.

Бир күндүк иш алып баруу сапарынын негизинде Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган президент Эрдоганды узаткандар менен Брюсселде тосуп алгандар менен кол алышып көрүшпөшү жана колун көкүрөгүнө коюп салам бериши көңүлдөрдү бурду.

Түркиянын Европа Биримдигинин туруктуу өкүлчүлүгүндө  өзүн тосуп алган түрк жарандарына кайрылган президент Эрдоган жарандарды  Ковид – 19  вирусуна карата эскертти.

Эрдоган кайрылуусунан кийин НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергди кабыл алды. Кабыл алуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйындын акырында Эрдоган менен Столтенбергдин кол алышпагандыгы көңүлдөрдү бурду. Президент Эрдоган кол алышып көрүшүүнүн ордуна колун көкүрөгүнө коюп «корона» деп айтуусу боюнча Столтенберг да колун көкүрүгөнө коюп жооп берди.

 

 

 



Тектеш кабарлар