Эрдоган Орусияга учуп кетти

Жолугушууда Түркия-Орусия карым-катнаштары менен катар Сириядагы акыркы абал, анын ичинен өзгөчө Идлиб тууралуу пикир алмашылат.

1372420
Эрдоган Орусияга учуп кетти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын борбор шаары Москвага учуп кетти.

Эрдоганды «Эсенбога» аэропортунан вице-президент Фуат Октай, Анкаранын губернатору Васип Шахин, Анкаранын коопсуздук директору Сервет Йылмаз жана берки тийиштүү кызматкерлер узатышты.

Президент Эрдоган менен бирге тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, казына жана каржы министри Берат Албайрак, улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан, коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик жана Башкы жетекчисинин орун басары Махир Үнал да Москвага учуп кетишти.

Коммуникация башкармалыгынын жарыясына караганда президент Эрдоган бир күндүк сапарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада жолугат.

Жолугушууда Түркия-Орусия карым-катнаштары менен катар Сириядагы акыркы абал, анын ичинен өзгөчө Идлиб тууралуу пикир алмашылат.


Этикеткалар: #Путин , #Эрдоган

Тектеш кабарлар