Президент Эрдоган : "Путин менен өткөрө турган саммиттен күтүүбүз ок атышпоону түзүү"

Эрдоган Башар Асад өкмөтү жана аны колдогондордун Сирияда балдарды, аялдарды өлтүрүп чыныгы жүзүн көрсөтүүнү улантып жаткандыгын белгиледи.

1371914
Президент Эрдоган : "Путин менен өткөрө турган саммиттен күтүүбүз ок атышпоону түзүү"

 Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен эртең Москвада өткөрө турган жолугушууда күтүүлөрүнүн Сириянын Идлиб аймагында ок атышпоону түзүү экендигин айтты.

Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Башар Асад өкмөтү жана аны колдогондордун Сирияда балдарды, аялдарды өлтүрүп чыныгы жүзүн көрсөтүүнү улантып жаткандыгын белгиледи.

Асад өкмөтүнүн күчөгөн кол салууларынан кийин 27 -   февралда баштаткан «Жаз калканы» операциясы менен өкмөт күчтөрүнө чоң жоготуу беришкендерин баса белгилеген Эрдоган : «Коргонууну билбеген эмес, согушууну каалабаган бир өлкө экенибизди акыркы операцияларыбыз менен баарына дагы бир жолу далилдегенибизге ишенемин»,- деди.

Президент Эрдоган : «Түркия өз коопсуздугун жана тынчтыгы менен сириялык күнөөсүз кишилердин өмүрүн куткаруу үчүн чыкты. Бул абал Идлибден жана башка коопсуз жерлерден чыга турган болсок террористтердин түздөн түз өлкөбүздү бутага аларынын так түшүндүрмөсү»,- деди.

Эрдоган грек чек ара коопсуздук күчтөрүнүн качкындарга карата аёсуз мамилесине да каршылык көрсөтүп : «Греция жана бардык Европа Биримдиги өлкөлөрүн Адам укуктарынын дүйнөлүк декларациясына ылайык түрдө жерлерине барган качкындарга сый көрсөтүүгө чакырам»,- деди.

Эрдоган өткөн күндө фашисттик кол салуулардан качып Сирияга баш калкалаган гректерге берилген жардамдарды көрсөткөн фотографиялар тууралуу : «Бул фотографияда тамак же кийим – кече таркатылган грек эркек же кыз балдарынын бирөөсү балким Грециянын азыркы премьер  - министри Кирякос Мичотакистин чоң атасы же чоң энеси болушу мүмкүн»,- деди.

Президент Эрдоган : «Качкындарды өлкөсүнө киргизбеш үчүн деңизде өлүмгө таштоо жана ок менен атып өлтүргөнгө чейин бардык жолдорду колдонгон Греция бир күн бул ырайымга өздөрү да муктаж болушу мүмкүн экендигин унутпашы керек»,- деди.

Президент Эрдоган жыйындан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орусия сапарынан күтүүсү эмне экендигине байланыштуу берилген суроого : «Аймакта ок атышпоону ылдам түрдө түзүү»,- деп жооп берди. Президент Эрдоган АКШнын ок  - дарыга жардам берүү боюнча билдирүүсү тууралуу да АКШнын президенти Дональд Трампка бул талаптарын билдиришкендирин айтты.



Тектеш кабарлар