Алтун: «Качкындардын чек арадан чыгып кетүүлөрүнө бөгөт койбойбуз»

Президенттиктин коммуникация боюнча башчысы Фахреттин Алтун, социалдык медиа барагы Твиттерден бул тема тууралуу маалымат бөлүштү.

1370968
Алтун: «Качкындардын чек арадан чыгып кетүүлөрүнө бөгөт койбойбуз»

Түркия качкындардын чек арадан башка өлкөлөргө өтүүлөрүнө эми бөгөт койбойт.

Президенттиктин коммуникация боюнча башчысы Фахреттин Алтун, социалдык медиа барагы Твиттерден бул тема тууралуу маалымат бөлүштү.

Грециянын качкындар үчүн убактылуу коргоо статусун токтотконун эске салган Алтун: «Грециянын чек арасындагы жана Эгей деңизиндеги качкындарга каршы мамилеси жана сириялыктарга убактылуу коргоо статусун камсыздабоосу, Европанын өз баалуулуктарына жана карым-катнаштарына согуш жарыялоодон башка нерсе эмес. Бул баалуулуктар тууралуу бизге дагы насаат айтылууга аракет кылынганда, буларды биз алардын эсине салабыз»,-деди.

Түркиянын Синрияда бир топ химиялык курал чыгаруучу комплекстерди бутага алганын баса белгилеген Алтун: «Бул комплекстердин болушу эл аралык коомчулуктун ушул убакка дейре кантип алданганынын так далили мүнөзүндө. Дүйнө жүзү кайдыгерлик мамилесин токтотуп,бул канкор режимге каршы чындап кыймылга өтүүсү керек»,-деп айтты.

Алтун, буга окшошу мурда болбогон качкындар кризиси тууралуу ЕБнин Түркия менен бирге иштешпөөсүнүн ушул күндөргө келинишине себеп болгонун белгилеп өттү.

Алтун: «ЕБ, 2015-жылдагы келишимди толугу менен орундатпай, Түркияны жалгыз калтырды жана качкындардын Европага багытталышына бөгөт боло турганыбызды ойлоду. Биз эми муну кылбайбыз. Европа, заманыбыздын эң чоң коркунучу болгон көч кризиси темасында иш алып барышы керек. Маселе баш калкалагысы келген миңдеген качкындын кирүүсүнө бөгөт болуу менен чечилбейт. Кеңири чечүүчү жол табуу жагынан Түркия менен биргелешип иш алып барууну баштоосу жана чечүүчү жолдордун Европанын жалпысында жапырт башталышы менен алгачкы кадам ташталган болот»,деген серебин салды.

Түркиянын ар дайым эзилген калктын жанында болгонун белгилеген Алтун: «Түркиянын Идлибдеги операциянын максаты, адамзат кризисин токтотуу. Ошол эле учурда бул операция менен Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн камсыздалышы да максатталууда. Түркиянын Сириядан жер талап кылуу сыяктуу оюу жок. Бир гана кайрадан качкындардын агымынын болуусуна бөгөт коюу, ыраттуулук жана тынчтыкты түзүүнү каалайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар