Дагы беш өлкөгө визасыз режим киргизилет

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой маалымат берди.

1368400
Дагы беш өлкөгө визасыз режим киргизилет

Түркия, дагы 5 Европа өлкөсүнө визасыз режим киргизет.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түркиянын айрым Европа өлкөлөрүнө визасыз режим киргизүү жөнүндөгү жарлык тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Аксой: «Европа Биримдиги менен Шенген аймагындагы өлкөлөргө карата виза тартибинин бүтүндүгүн камсыздоо үчүн Хорватия, Ирландия, Мальта, Португалия жана Норвегия жарандарына 2-марттан тарта Түркияга туристтик максаттуу саякаттарында, 180 күн үчүн 90 күнгө чейин визасыз режим киргизилишине чечим чыгарылды», делди.

Бул өлкөлөр менен туризм потенциялын жогорулатууну максаттагандарын баса белгилеген Аксой, берки тармактардагы эки тараптуу карым-катнаштардын өнүктүрүлүүсүн да каалагандарын айтты.

Аксой 20-февралдагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө болсо Австрия, Бельгия, Нидерландия, Испания, Польша жана Англияга визасыз режимдин киргизилгендигин маалымдаган эле.



Тектеш кабарлар