Эрдоган Украинада...

Президент Режеп Таййип Эрдоган,борбор шаар Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан салтанаттуу азем менен тосулду.

1352190
Эрдоган Украинада...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия-Украина Стратегиялык Жогорку Кеңешмесинин 8-жыйынына катышуу үчүн Украинага барды.

Эрдоган борбор шаар Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан салтанаттуу азем менен тосулду.

Андан соң эки лидер бетме-бет жолугушууга өтүштү.

Президент Эрдоганды Адилет министри Абдүлхамит Гүл, казына жана каржы министри Берат Албайрак, соода министри Рухсар пекжан, Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгын башчысы Фахреттин Алтун жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын коштоп барышты.

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын жарыясына караганда президент Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жетекчилигинде тийиштүү министрлердин катышуусунда борбор шаар Киевде боло турган Кеңешменин жыйналышында эки тараптуу жана аймактык маселелер ар өңүттөн каралып чыгат.

Сапардынн алкагында Крым татар боордоштордун абалы туурасында пикир алмашылат, Украина менен стратегиялык өнөктөштүк карым-катнаштарынын тереңдетилишине карай жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө баа берилет.

Президент Эрдоган менен Укриананын президенти Зеленскийдин, Түркия-Украина ишкердик форумунда ишкерлер менен жолугушуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар