Түркия коронавируска каршы кандай чара көрүп жатат?

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа маалымат берди.

1350785
Түркия коронавируска каршы кандай чара көрүп жатат?

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, жаңы типтеги коронавируска каршы Министрликтин кандай чараларды көрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берди.  

Кожа: «Кытайдан келген жүргүнчүлөр учактан түшөөрдө дене табын өлчөөчү аппараттар менен текшерилүүдө. Ушул учурга чейин 11 миң жүргүнчү текшерилди, аларда вирустун белгилери байкалган жок»,-деди.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Коронавирус илим кеңеши министр Кожанын жетекчилигинде чогулду.

Жыйында темага байланыштуу маалымат берген Фахреттин Кожа: «31-январь күнү саат 9.30дан тарта дүйнөнүн жалпысындагы 23 өлкөдө вирусту жугузуп алган 9 миң 810 адам катталды. Бул сандын 99 пайызы Кытайда»,-деди.

Саламаттык сактоо министри Кожа, Түркияда коронавирустун катталбагандыгын да билдирди.

Бүгүнкү күнгө чейин ар кайсы облустарда шек туудурган 68 киши анализ тапшырып, алардан кандайдыр бир вирус табылбаганын кабарлады.

Министр Кожа Кытайдын Ухань шаарында жашаган түрк жарандарын алып келе турчу учактын бир канча сааттын ичинде Кытайдан учуусунун пландалганын да билдирди.

Кожа: «Ухандагы 34 түрк атуулубуз, 7 азербайжандык, 7 грузин, 1 албан медициналык текшерүүлөрдөн кийин учакка түшүрүлөт»,-деди.

Министр айрыкча: «Кытай портторунан Түркияга келе турчу жүргүнчү кемеси бар. Жүк ташуучу кемелер да болушу мүмкүн. Баардык кемелер тыкыр көзөмөлдөн өткөрүлүүдө»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар