Калын: «АКШнын планын четке кагабыз»

АКШга каршы чыгуулар уланып жатат.

1349565
Калын: «АКШнын планын четке кагабыз»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын президенти Дональд Трамптын Палестина-Израиль маселесине карата жалган тынчтык планына байланыштуу: «Палестина элинин укуктарын жана эл аралык мыйзамды эске албаган бул бир жактуу планды четке кагабыз»,-деп айтты.

Калын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШ жетекчилигинин Палестина-Израиль маселесине карата жарыялаган жалган тынчтык келишиминин, палестин элинин укуктарын жана тарыхын эске албаган жаңы басып алуу планы экенин белгиледи.

Ибрахим Калын билдирүүсүндө: «Президент Режеп Таййип Эрдоган баса белгилегендей Кудс кызыл сызыгыбыз болуп саналат жана Палестина жерлери сатылбайт. Палестинада адилеттүүлүк камсыздалбастан Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтык орнобойт. Адилеттүү болбогон пландын ишке ашуусу мүмкүн эмес. Аймакта тынчтык жана коопсуздук үчүн Израилдин басып алуу саясаттары аякташы керек. Эл аралык коомчулук, эки мамлекеттүү чечүүчү жолду жок кылган жана басып алууну турукташтырууну максаттаган бул планды четке кагуусу зарыл. Түркия пелестин элине көрсөткөн колдоосун мындан ары улантат»,-деди.



Тектеш кабарлар