Элазыгдагы жер титирөөдөн кийин жардамдашуулар уланууда

Апаат жана курч кырдаалдарды бакшаруу башкармалыгынын (AFAD) жер титирөөдөн кийин ооруканаларга кайрылган 1607 кишиден 1515нин чыгарылганын маалымдады.

1348017
Элазыгдагы жер титирөөдөн кийин жардамдашуулар уланууда
elazığ deprem 2.jpg
elazığ deprem 1.jpg

Элазыгдын Сивриже районунда жума күнү Түркия убактысы боюнча саат 20:55те болгон 6,8 баллдык жер титирөөдөн  каза тапкандардын саны 39 кишиге жетти.

Апаат жана курч кырдаалдарды бакшаруу башкармалыгынын (AFAD) жер титирөөдөн кийин ооруканаларга кайрылган 1607 кишиден 1515нин чыгарылганын маалымдады.

Апаат жана курч кырдаалдарды бакшаруу башкармалыгынын (AFAD) координациясындагы иш-аракеттер менен ушул убакка дейре 45 киши урандылардын астынан аман чыгарылды, аймакка жалпы 23 миң 507 үй-бүлө чатыры, 400 жалпы максаттуу чатыр, 2354 жылыткыч, 6436 азык-түлүк коропкасы өткөрүлдү.

 Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум, дин иштери башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш жер титирөө аймагында иликтөөлөрдү жүргүздү.

Бул учурда Республикачыл элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу, Элазыг жер титирөөсүнөн кийинки жардамдашууну мактап канагаттангандыгын билдирди.

ЖХПнын жетекчиси: «Түрк калкы кайгы жана кубанычта биримдикте болгонун дагы бир жолу көрсөттү»,-деди.

Ийи (Жакшы) партиянын жетекчиси Мерал Акшенер, Элазыгдагы жер титирөөдөн кийин аймакка барды.

Ийи (Жакшы) партиянын жетекчиси Мерал Акшенер, жер титирөөдө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө сабыр тилеп: «Бардыгыбыз бирге бул апааттын ордун толутабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар