Эрдоган Путинге "Түркия-Ливия меморандуму" аттуу китепти белек кылды

Англисче жана түркчө даярдалган китепте Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абал кеңири түшүндүрүлгөн.

1337297
Эрдоган Путинге "Түркия-Ливия меморандуму" аттуу китепти белек кылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган «Түрк агымы» жараталыш газ куурунун ачылышы үчүн Стамбулга келген Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен өткөргөн жолугушуусунда Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган «Чыгыш Жер Ортолук деңиз теңдемесинде стратегиялык кадам; «Түркия-Ливия меморандуму» аттуу китебин белек кылды.

Англисче жана түркчө даярдалган китеп, «Чыгыш Жер Ортолук деңиздин геополитикалык мааниси», «Чыгыш Жер Ортолук деңиздин көмүр-суутек (углеводород) потенциалы», «Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз темасындагы поизициясы», «Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу ЕБ, ТКРБ жана Грециянын мамилеси» жана «Түркия-Ливия меморандуму» бөлүмдөрүнөн турат.

Китепте Чыгыш Жер Ортолук деңиздин тарых бою жана бүгүнкү күндө кандай стратегиялык мааниге ээ экенин айгинелеп турат.

Муну менен катар Чыгыш Жер Ортолук деңиздин көмүр-суутек потенциалы, ар башка отчеттордон чогултулган көрсөткүчтөр жана көрүнүштөр менен кеңири түрдө каралууда.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз темасындагы акылуу позициясынын эл аралык укук жана эл аралык келишимдердин негизинде кеңири түрдө каралган китепте, Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) ээ болгон укуктары жана мыйзамдуулугу баса белгиленген.

Европа Биримдиги (ЕБ), Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу (ТКРБ) жана Грециянын мыйзамсыз кыймыл аракеттери да иликтенген китепте, сөз булгон кызыкчылыктардын Түркия жагынан эмнени берип турганы жана эл аралык келишимдердин алкагында кандай жообу болгону түшүндүрүлгөн.

Түркиянын Ливия менен кол койгон меморандуму саясий, укукук жана экономикалык түрдө бир топ жагынан иликтенген китеп, бардык процесстин жана мемордандумдун потенциалдуу натыйжасынын кеңири баяндамасын ортого салууда.



Тектеш кабарлар