Түркия Сүлейманиге байланыштуу билдирүү жарыялады

Сүлеймани бүгүн АКШнын операциясында өлтүрүлгөн болчу.

1334458
Түркия Сүлейманиге байланыштуу билдирүү жарыялады

Түркия АКШ-Иран чыңалуусуна тынчсызданып жатканын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги, Ирандын ыңкылапчыл гвардиячыларынын Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманинин Иракта АКШнын абадан кол салуусунда өлтүрүлүшүнө байланыштуу өз билдирүүсүн жарыялады.

Өзгөчө Ирактын кагылышуу аянтына айландырылышынын Ирактын жана аймактын тынчтык менен ырааттуулугуна зыян келтире тургандыгы боюнча эскертилген билдирүүдө: «Ушул алкакта Ирандын ыңкылапчыл гвардиячыларынын Кудс күчүнүн командири Касым Сүлеймани жана аны коштогондор болгон конвойго бүгүн эртең менен Багдадда жүргүзүлгөн АКШнын абадан операциясы аймактагы туруксуздук жана ыраатсыздыкты арттыра тургандыгы ачык айкын. Аймагыбызда ырааттуулукка коркунуч туудурган ушул сыяктуу көкүтүүчү кадамдар чыңалууну күчөтө тургандыгы жана бул абалдан баардык тараптардын зыян тартаары билиниши зарыл»,-делди.

Түркиянын аймакта тышкы кийлигишүүлөргө, кол салууларга жана диний чыр-чатактарга ар дайым каршы экендиги баса белгиленген билдирүүдө, баардык тараптар тынчтанууга, аймактын тынчтык жана ырааттуулугуна коркунуч жарата турган кадамдардан алыс турууга жана дипломатиялык сүйлөшүүлөргө алдыңкылык берүүгө чакырылды.



Тектеш кабарлар