Эрдоган-Трамп сүйлөшүүсү

Эки лидер телефондо эмнени сүйлөштү?

1333821
Эрдоган-Трамп сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечээ АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдө өз ара алакалар менен катар Ливия жана Сириядагы кырдаалдар жана аймактык маселелер каралды.

Президент Эрдоган Иракта Американын коопсуздук бөлүктөрүн бутага алган кол салууларга тынчсыздануу менен байкоо салгандарын белгилеп, АКШ элчилигине карай кол салуулардын аякташына кубангандарын айтты.

Аймактык маселелердин чечилүүсүндө дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн маанилүү экенин баса белгилешкен Эрдоган менен Трамп, эки тараптуу карым-катнаштарда болсо чогуу ийгиликтерге жетишүү үчүн кызматташууну бекемдөө боюнча макулдашышты.



Тектеш кабарлар