Түркия Ливияга аскер жөнөтөт

Ливияга аскер жөнөтүлүшүнө карай уруксат документи Түркия Улуу Улуттук Жыйынында кабыл алынды.

1333762
Түркия Ливияга аскер жөнөтөт

Ливияга аскер жөнөтүлүшүнө карай Президенттиктин уруксат документи Түркия Улуу Улуттук Жыйынын пленардык отурумунда  кабыл алынды.

Парламент төрагасы Мустафа Шентоптун жетекчилигинде чогулган Пленардык жыйында уруксат документи тууралуу сөз сүйлөөлөр бүткөн соң добушка салынды.

Электрондук ыкма менен жүргүзүлгөн добушка салууда 184 каршы 325 кабыл добушу берилип уруксат документи өттү.

Жалпы 509 эл өкүлү добуш берди.

Уруксат документи Өкмөткө Ливияга аскер жөнөтүү ыйгарым укугун берет.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн элементтеринин Ливиядагы кызмат мөөнөтү бир жыл деп белгиленди.

Ливияга жөнөтүлө турган аскердин саны жана милдеттери, кайсы аймакта кызмат өтпөй турганы Президент тарабынан белгиленет.



Тектеш кабарлар