Эрдоган:«Ливия башкарууулугуна төңкөрүшчүл Хафтерге каршы ар түрдүү колдоону көрсөтөбүз»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын башкы борборунда Кеңейтилген облус башчыларынын жыйналышында сөз сүйлөдү.

1330036
Эрдоган:«Ливия башкарууулугуна төңкөрүшчүл Хафтерге каршы ар түрдүү колдоону көрсөтөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ливия башкарууулугуна төңкөрүшчүл Хафтерге каршы ар түрдүү колдоону көрсөтө тургандарын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын башкы борборунда Кеңейтилген облус башчыларынын жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Түркиянын цивилизация бассейни бар экенин баса белгилеген Эрдоган: «Бул бассейн абдан кеңири. Жер Ортолук деңиз жана Түндүк Африка мунун бөлүкчөлөрүнөн бири болуп саналат. Ливия, Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн мурасы. Гази Мустафа Кемал ливиялык туугандарыбызды баскынчыларга каршы уюмдаштырган жана алар менен бирге согушкан. Ал эмес көзүнөн жаракат алган жана изин даңазага жеткирген»,-деп айтты.

«Түндүк Африканын толугу сыяктуу Ливияда көз карандысыз туугандарыбыз бар»,-деп айткан Эрдоган: «Учурдагы президенти (Файиз эс-Сараж) туугандары бул жерде болгон президент. Төңкөрүшчүл генерал тарабынан башталган кол салууларга каршы чыктык. Триполи башкаруучулугуна ар түрдүү колдоону көрсөттүк жана көрсөтөбүз. Ливия биздин өлкөбүздүн деңиз ыйгарым укук аянттарынын кайчылашканынын себебинен деңизден коңшубуз болуп эсептелет»,-деди.

Ливияга аскер жөнөтүү темасына токтолгон Эрдоган: «Аскер жөнөтөсүзбү? деп сурап жатышат. Биз чакырылган жерге барабыз. Бирок чакырылбаган жерге барбайбыз. Учурда ушундай чакыруу болгонуна караганда ага жооп беребиз. Түркия жана Ливия тарабында ратификациялоо процесстери аяктаган меморандум күчүнө кирди. Даярдалган деңиздеги ыйгарым укук аянттарыбыз тууралуу картабызды БУУ багытында каттаттык. Максатыбыз Жер Ортолук деңизде эч кимдин укугун басып алуу эмес. Укугубуздун тебеленишине бөгөт болуу. Анткени кадам таштабаган болсок, Жер Ортолук деңизде Түркияны өзүнүн кургактыгына камай турган оюндар курулуп жаткан болчу. Биз бул оюндарды карап тура алмак эмеспиз",-деп белгиледи.

Түркия Улуу Улуттук Жыйыны (ТУУЖ) ачылары менен алгачкы иш катары аскер жөнөтүү уруксат документин Парламентке сунуштай тургандарын айткан Эрдоган: «Парламенттен бул документти өткөрүп чакырууга барган болобуз. Биз өлкөнүн мыйзамдуу өкмөтүн жактоо үчүн чакырууга барабыз. Ар түрдүү Европа жана араб өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган төңкөрүшчүл генералга каршы жүргүзүлгөн Триполи башкаруучулугуна ар түрдүү колдоону көрсөтөбүз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар