Эрдоган: «ПКК чоң сокку алууда»
Президент Эрдоган Женевадагы жолугушууларын улантып жатат.
![Эрдоган: «ПКК чоң сокку алууда»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c6bb/2fd7/2a2c/5df88841ddf24.jpg?time=1718787756)
![erdogan cenevre UIB1.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7bb5/fd95/1f3a/5df887e334536.jpg?time=1718787756)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, террордук уюм ПККга тарыхындагы эң оор соккунун урулганын айтты.
Эрдоган Дүйнөлүк качкындар форумуна катышуу үчүн барган Швейцариянын Женева шаарында, Эл аралык Демократтар Биримдигинин Европадагы өкүлдөрүн кабыл алуусунда сүйлөгөн сөзүндө торрор менен күрөшүүгө токтолду.
Президент, террордук уюм ПКК керек болсо Түркиянын чек араларынын ичинде, керек болсо тышында чоң сокку алганын белгилеп сөзүн мындай улантты: «Акыркы үч жылдын ичинде жүргүзүлгөн үч операциянын негизинде түштүк чек арабызга курулууга аракет кылынган террордук коридорду жок кылдык жана Сириянын жеринин бүтүндүгүн кепилдикке алып орчундуу кадам таштадык. Айрым империалисттик күчтөрдүн карамагында 9 жылдан бери ойнолуп келген оюнду, баатыр түрк аскерлерибиз жана Сирия улуттук армиясындагы туугандарыбыздын күрөшүүсү менен бир канча жуманын ичинде буздук».
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718787756)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.