Түрк аскерлери террористтерден тазаланган мектептерди оңдоп-түзөөдө

Сирияда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ тарабынан штаб катары колдонулган мектептер кайрадан билим берүү мекемелерине айландырылды.

1323993
Түрк аскерлери террористтерден тазаланган мектептерди оңдоп-түзөөдө

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги, Сирияда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ тарабынан штаб катары колдонулган мектептер кайрадан билим берүү мекемелерине айландырылгандыгын билдирди.

Министрликтин Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Түрк аскерлери мамлекетибиздин берки мекемелери менен бирге тынчтык, ырааттуулук, ишеним, жол, суу жана электр энергиясын гана камсыздабастан, террордук уюм ПКК/ЙПГ тарабынан штаб катары колдонулган мектептерди кайрадан билим берүү мекемелерине айландырып, сириялык балдардын келечегине кам көрүүдө»,-деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар